Ак-Кудук айылына бала бакча ачуу жөнүндө.

toktom-shapka

 

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кецешинин XXVI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

 

ТОКТОМУ

29- август 2016-жыл № 5/3                                                                     8-Март айылы

 

Ак-Кудук айылына бала бакча ачуу жөнүндө

 

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн Ак-Кудук айылында бул убакка чейин бала бакча жок болгондуктан бала бакча ачууга жеке турак табылып, жаны бала бакча курулганга чейин убактылуу ушул имаратты пайдалануу менен бул бала бакчанын айыл өкмөтөнө тиешелуу каржылык маселелерин чечип берүү, жобосун бекитүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун талкуулап, Ак-Кудук айылдык Кенеши токтом кылат:

 

  1. Ак-Кудук айылына “Ак-Кудук келечги” аттуу 25орундуу бала бакча ачылсын.
  2. Бул бала бакчанын имараттын 3 мөөнөткө убактылуу пайдаланууга алуу боюнча менчик ээси жана айыл өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
  3. Жаны ачылып жаткап бала бакчанын жобосу бекитилсин жана мамлекеттик юридикалык каттоодон өткөрулуп, мөөрү алынсын.
  4. Жаны ачылып жаткан бала бакчага кызматкерлердин айлык акысын мамилекеттик каржылоо алып берүү жагы Нарын Райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
  5. Бала    бакчанын комуналдык чыгымдары (электр энергия, көмүр ), жылдык ремонтуна кеткен чыгымдары жана балдардын тамак ашынын 50%дык чыгымдары Ак- Кудук айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинен 2017-жылдан тарта каржылоого алынсын.
  6. Бала бакчанын банктан эсеп счету ачылып, ата энелерден балдарын тамак ашына төлөгөн акча каражаттары банктык эсепке салынып, мыйзам чегинде чыгымдалсын.
  7. Бала    бакчанын имаратынын техникалык параметирлерне ылайык электр энергияга жана жылытууга көмүр менен камсыздоого энерго паспорту даярдалып, бутурурулуп, жергиликтуу бюджеттен каржылоого сунушталсын.
  8. Бул      токтомду көзөмөлгө алуу жагын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                          З.Алдакеев

Добавить комментарий