Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ № 2/2
8-Март айылы 2015-жыл 27-март
Тарифтерди бекитүү жөнүндө
Айыл аймагындагы айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга, мал багуу акыларын жана башка чарбалык иштердин кызмат акыларын бекитүү максатында
Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:
- Айыл калкынын жазгы айдап-себүү иштерин жүргүзүүгө карата айылдагы техника ээлеринин жана мал багуучулар менен жалпы жыйналышта түзмө — түз сүйлөшүүнүн негизинде макулдашылган баа боюнча айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга кызмат акылары төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин.
№ | Жерди иштетүүнүн түрлөрү | 1 га үчүн сом менен | ГСМ | ДТ-75 |
1 | Жер айдоо аныз жер | 800 | 20 | 30 |
2 | Жер айдоо беде чым жер | 1000 | 20 | 30 |
3 | Тырмоо | 300 | 10 | |
4 | Себүү | 400 | 10 | |
5 | Шакап тартуу | 50 | 2 | |
6 | Кара сугат | 1000 | ||
7 | Беде,дын жер сугаты,дан сугат | 700 | ||
8 | Чөп чабуу жатка | 1000 | 10-15 | |
9 | Чөп чабуу (косилка) | 700 | 10 | |
10 | Чөп тырмоо | 300 | 5 | |
11 | Тартуу | 300-400 | 5-25 | |
12 | Эгин чабуу | 1700 | 20 | |
13 | Эгин тартуу | 300-400 | 5-25 | |
14 | Чөп тангактоо 1шт | 8 | 10 |
мал багуу акылары : Кой,эчки бир башка бир айга- 30 сом Бодо мал бир башка бир айга – 200 сом.
- Жазгы корук иштери 2015-жылдын 1-майынан тарта башталып, 1-октябрга чейин жүргүзүлөт.Мөөнөтүнөн мурда көчүп келген мал багуучуларга жеринде барып, акт түзүп, административдик жаза колдонулууга укук коргоо органдарына материалдарды өткөрүлүп берилсин.
- мал багуучулардын график боюнча көчүп кону иштерин көзөмөлгө алуу, эрте көчүп келген малчыларга карата жаза колдонуу аракеттерин Ак-Кудук айы өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жана айыл башчылар,кураторлор иш алып барышсын.
- Корук учурунда корук аянттарына кирген малга мал ээсине төмөндөгүдөй тартипте кароолчулар айып алышсын:
Кой-эчкилерге ар бир башка 20 сомдон, жылкы,уй эшекке ар бир башка 100 сомдон ал эми эгин бышы орула элек маалда же болбосо өсүп турган чөПКө кирген маалда 2 эселенген тартипте айып салынсын. Камакка түшкөн малдын ээсине кароолчу билдиргенден кийин мал ээси малын чыгарып кетпей малы зыян тартса кароолчулар жооп бербейт. 6. суу бөлүштүрүүчү мураптарга ар бир гектарына тейлеп берген акысы үчүн 70 сомдон акы алышсын.Сууну сурабай өз билемдиги менен жыгып алган атуулдарга күбөлөрдүн катышуусу менен акт түзүп,1500 сомго чейин айып салынсын. Айып төлөбөсө кайра суу берилбесин. 7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттенидирилсин.
Төрага: З.Алдакеев.
__________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө, айыл башчыларга