Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ № 2/4
8-Март айылы 2015-жыл 27-март
Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Ак-Кудук айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат.
- Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ак-Кудук веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын контролдоо Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С. Касымовго жүктөлсүн.
Төрага: З.Алдакеев.