Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын кезектеги II сессиясынын 1-5 токтому

toktom-shapka

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXV чакырылышынын  кезектеги II  сессиясынын

 ТОКТОМУ

 3-Март  2012-жыл     №1/5                                                         8- Март айылы

 1999-жылы Баткен коогаланына катышкан атуулдарга таза сууга, жайыт салыктарына женилдиктерди жана материалдык жактан жардам берүү жөнүндө.

Ак-Кудук айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.1999-жылы Баткен коогаланына катышкан атуулдарга таза сууга, жайыт салыктарына  женилдиктерди жана материалдык жактан жардам берүү боюнча НРМАнын 14-февраль 2012-жылдагы № 157/03 каты боюнча Баткен коогаланына катышкан Курманов Максатбекке таза сууга,  жайыт акыларына болгон төлөмдөрдөн бошотуу тууралуу жана айыл округунан ар кандай материалдык жардамдары берилип турсун.

2.Баткен коогаланына катышкан Курманов Максатбекке дүйнөлүк уюмдардан келип жаткан ар кандай гуманитардык жардамдардан берип nehee жагы айыл округунда түзүлгөн социалдык маселелер боюнча комиссиясына, соц адиске милдеттендирилсин.

3.Таза сууга жана жайыт акысына болгон төлөмдөрдөн бошотуу жагы Ак-Кудук айыл округунун жайыт комитетине жана «Курман-Булак» ИСКАКБсынын , башчыларына милдеттендирилсин.

 

Төрага :                                                                        З.Алдакеев

                    Жөнөтүлсүн: иш кагазга, айыл өкмөт башчыга.

Обсуждение закрыто.