Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXV чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМУ
19-апрель 2012-жыл №2/1 8- Март айылы
Ак-Кудук айылдык округунун аппаратынын штаттык
бирдигин бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомунун негизинде калкынын саны 5000ге жетпеген айыл өкмөттөрүнүн штаттык бирдиктери кыскарып, башкаруу аппараты 10 штаттык бирдикте бекитилсин. (Ак-Кудук, Шоро айыл башчылары кошулуп).
- Мындан сырткары техникалык персоналдар 3 штат болуп белгиленсин. (айдоочу, кароолчу, иш кагаздарын жүргүзүүчү).
- Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага : З.Алдакеев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, айыл өкмөт башчыга.