Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын кезектеги II сессиясынын 2-3 токтому

toktom-shapka

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXV чакырылышынын  кезектеги II  сессиясынын

 ТОКТОМУ

 19-апрель  2012-жыл     № 2/3                                                         8- Март айылы

             Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы айылдардын катуу калдыктарды таштоочу таштанды жайларды жана айыл тургундарынын курулуш курууга керектөөчү топурак, шагылдарды алууга жер участокторун бөлүп берүү жана айылдык кеңештин сессиясында бекитип берүү тууралуу

Ак-Кудук айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Черткиевдин Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы айылдардын катуу калдыктарды таштанды таштоочу жайларды жана айыл тургундарынын курулуш курууга керектөөчү топурак, шагылдарды алууга жер участокторун бөлүп берүү тууралуу сунушу канааттандырылсын.
  2. 8-Март айылында таштанды төгүүчү жайды айылдын күн батыш тарабындагы «Акиш» коктусунан 0,8 га, «Жылкычы-Коо» участкасынан 0,5 га жер участогу;
  3. Шоро айылына айылдын күн батыш тарабындагы коктунун ичинен 0,7 га жер участогу;
  4. Ак-Кудук айылына айылдын күн батыш тарабындагы кырдан эски карьердин ордунан 0,15 га жер участогун катуу калдыктарды таштоочу таштанды жай кылуу үчүн берилсин.
  5. Жогорудагы бөлүнүп берилген жер участокторун пайдаланууну көзөмөлгө алууну ар бир айыл башчыларына милдеттендирүүнү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
  6. Бул берилген жер аянттарын колдонууга берүү (катуу калдыктарды таштоочу таштанды жайларды) Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалынын макулдашуусу менен жүргүзүлсүн.

Төрага :                                                                        З.Алдакеев

Обсуждение закрыто.