Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI
чакырылышынын 5 сессиясынын
ТОКТОМ
24-октябрь 2014-жыл № 5/ 1 8-Март айылы.
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин 9 айдагы планынын аткарылышы жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Н.Абдрасулованын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айлык планынын аткарылышын талкуулап
Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:
1.Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айына карата бектилген пландын аткарылыш боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Кирешелер бөлүгүнүн кароо алдындагы жер аянттарынан алынуучу жер салыгынын жана салыктын башка түрлөрүнүн планга чыкпай калуусу боюнча салык адисине билдирилсин. Жылдын аягына чейин баардык салыктын түрлөрү боюнча,аренда акыларын өндүрүү, соцфондго болгон төлөмдөрдү толук төгүп кутулууну камсыз кылуу жагы ФЭОнун башчысы Н.Абдрасуловага милдеттендирилсин.
3.2014-жылда пландагы каралган жумуштардын аткарылышын толук бүтүрүү жагын Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы С.Касымовго милдеттендирилсин.
Төрага: З.Алдакеев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, айыл өкмөт башчыга.