Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI
чакырылышынын 5 сессиясынын
ТОКТОМ
24-октябрь 2014-ж. №5/2 8-Март айылы
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин ашык аткаруудан түшкөн 283 800 сом акча каражатын төмөндөгү багыттарга каржылап берилсин:
- Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептер, бала бакча, китепканалардын жана конторанын мурунку жылдарга болгон карызы азыркы күнгө калдыгы 82000 мин сом калды. Ошол мурунку жылдардын карызынын жоюлбаганынан жаздан бери ай сайын өчүрүп, райондук электр тармактар ишканасы райондук сотко кайрылып, сотто электр тармактар ишканасынын пайдасына чечилип карыздар болуп турабыз, ошондуктан ушул карызды жоюуга (пениясы кошулбай) 82 000 мин сом акча каражатын
- Айыл өкмөтүнүн административдик конторасынын жылуулук системасына меш алууга, мор алууга, койдурууга 28 000 мин сом (конторанын жылытуу системасы электр энергиясы менен иштейт, кошумча от жагып электр энергиясын өчүрүү маалында имаратты жылытууга)
- «Баластан» балдар бакчасынын жылытуу системасына электр насосун алууга (кошумча запас насосу менен) 2шт. (6000 сом), вентил 1 шт. (500) сом баардыгы 6500 сом
- 8-Март айылындагы шагыл төгүлүп, жол жасалуучу жерлерге көпүрө салууга — труба сатып алууга 5 шт * 600 баары 30 000 мин сом
- Турмуш шарты өтө начар үй бүлөлөргө жардам берүүгө (продукты ж.б.)
Баары 20 000 мин сом
- Айыл өкмөтүнүн балансасындагы кызматык үйдүн электр счетчигин сатып алууга, койдурууга, техникалык шарттарын бүтүрүүгө, косметикалык ремонт иштерин жүргүзүүгө баары 5 000 мин сом
- Ак-Кудук айылынын көчөсүнө шагыл төгүүгө баары 10 000 мин сом
- Шоро айылынын мектебинин мешин ондоого 10 000 мин сом
- Шоро айылынын китепканасына мебель сатып алууга 30 000 мин сом
- Жылдын мыктыларын аныктоо, аларга грамота, акчалай сыйлыктар менен сыйлоого баардыгы 8300 сом
- Башка чыгымдарга ( соттук мампошлиналарды төлөөгө) 5000 мин сом
- Улуу ата мекендик согуштун 70 жылдыгына карата мемориалдык эстелигин жасатууга баары 36 000 мин сом
- Спорттук мелдештерди өткөрүүгө 10 000 сом
- Канцелярдык чыгымдарга 3000 мин сом
Баардыгы 283800 сом
Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага : З.Алдакеев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, айыл өкмөт башчыга.