Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын кезектеги II сессиясынын 1-2 токтому

toktom-shapka

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXV чакырылышынын  кезектеги II  сессиясынын

 ТОКТОМУ

 3- Март  2012-жыл     №1/2                                                         8- Март айылы

 Айыл округунун башкы бухгалтерии Н.Абдырасулованын 2011-жылдагы айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн ашык аткарылганын эсебинен түшкөн 205 300 (эки жүз беш мин үч жүз сом) акча каржатын кайсы багыттарга жумшоо жөнүндө.

Ак-Кудук айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1Ак-Кудук айыл окрунун 2011-жылдагы айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн ашык аткарылганын эсебинен түшкөн 205 300 (эки жүз беш мин үч жүз ) сом акча каржаты төмөндөгүдөй  багыттарга жумшалсын:

1)Шоро айылындагы С.Мамбетов орто мектебинин сыртын корууга 15 000 (он беш)мин сом

2) Ак-Кудук айыл округунун женил автомашинасынын күйүүчү майына 20 000 (жыйырма мин) сом.

3)8-Март айылындагы М.Осмонов  атындагы орто мектебинин спорт залына жылуулук системасын коюуга 17 000(он жети мин) сом.

4) Ак-Кудук айыл округунун имаратынын кабинеттерине мебель(шкаф,стол,сейф)алууга 25 000(жыйырма беш мин) сом.

5) Ак-Кудук айылдык окрунун административдик имаратынын терезелерин пластикалык терезелерге алмаштырууга 120 000 (жүз жыйырма мин)сом.

6/)Ак-Кудук айыл округунун аймагындагы мекемелердин (мектеп, бала бакча,китепканалар)кыш мезгилинде жагылган көмүрлөрдүн экологияга тийгизген таасири үчүн Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемаларын өнүктүрүү башкармалыгына 8300 (сегиз мин үч жүз) сом баардыгы 205 300 сом акча каражаты жумшалсын.

2.Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын ишканалар менен келишимдери жана тийиштүү документтери даярдалгандан кийин которуп берүүнү башкы бухгалтерге милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Кудук айылдык округунун , башчысы К.Черткиевге тапшырылсын.

 Төрага :                                                                        З.Алдакеев

Обсуждение закрыто.