Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин III-сессиясынын ТОКТОМУ 17- апрель 2019-жыл № 3/1

Депутаттардын  XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин

III-сессиясынын

ТОКТОМУ

           17- апрель 2019-жыл  № 3/1                                                            8-Март айылы

Тарифтерди жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Ак-Кудук айылдык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникасынын тарифтеринин бекитүү жана малдарды тактоо үчүн комиссиянын курамын түзүү максатында токтом кылат

  1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине караштуу жүк жүктөөчү (эксковатор) тракторунун тарифтери бекитилсин.
  • Кык жана күл жүктөөгө 1 кузов үчүн- 3л май – 250 сом (телешка)
  • Шагыл, кум жана топурак жүктөө 1 кузов үчүн – 4 л май- 300 сом (чон машина)
  • Суу түтүктөрүн жаткыруучу каналдарды казууга 1метрге -1л май 130-сом казууга, 20 с көмүүгө.
  • Саатына иштеген учурда ар бир саат үчүн – 500 сомдон, майы өздөрүнөн
  • Септик чункурларын казууга- 600 сом 10 л май
  • Башка казуу иштерине 1 куб – 150 сом майын өздөрү куят.
  1. Техникадан түшкөн жылдык даходдун 20% техниканын запчаст үчүн 30% айдоочунун эмгек акысы үчүн 50% жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине түшсүн.
  2. Техникадан түшкөн жылдык даходдун 20% айыл өкмөтүнүн иштери үчүн пайдаланууга бөлүнүп берилсин. (башкача айтканда айыл өкмөтүнүн муктаждыгы тууралуу жумуштарын бүткөрүп берүүгө) жумшалсын.
  3. Мал тактоо ирээтинде май айында өтүлө турган мал санакка төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн.
  • К.абакиров –комиссиянын төрагасы
  • К.Тынаев – РЭФ комиссиянын төрагасы
  • К.Абышов- аксакалдар соту
  • А.Деркембаев – айылдык участковый
  • Р.Сапарбек уулу – вет адис
  • А.Ашыралиев –Шоро айылынын башчысы
  • Ак-Кудук айылынын башчысы
  1. Мал санакта каттоодон ашык чыккан малдар үчүн ар бир бодо мал үчүн 750 сомдон ал эми кой – эчкилер үчүн 35 сомдон айып пул төлөнүп, каттоого алынсын. Санакта ашык чыккан малдардын айып пулун өндүрүү жагы аксакалдар сотуна милдеттендирилсин.
  2. Мал санак учурунда кеткен чыгымдар каттоодон сырткары кирген малдардын жайыт акысынан түшкөн акчанын эсебинен толукталсын.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскелдиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                          З.Алдакеев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, айыл өкмөт башчысына, жайыт комитетине

Comments are closed.