Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин III-сессиясынын ТОКТОМУ 17- апрель 2019-жыл № 3/2

Депутаттардын  XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин

III-сессиясынын

ТОКТОМУ

           17- апрель 2019-жыл  № 3/2                                                            8-Март айылы

 

Тарифтерди бекитүү жөнүндө

Айыл аймагынын айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга мал багуу акыларын жана башка чарбалык иштердин кызмат акыларын бекитүү максатында токтом кылат:

 

Айыл калкынын жазгы айдап себүү иштерин жүргүзүүгө айылдагы техника жана мал багуучулар менен жалпы жыйналышта түзмө-түз сүйлөшүүнүн негизинде макулдашылган баа боюнча айылчарба жумуштарын ишке ашырууга кызмат акыларын төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин.

Жерди иштетүүнүн түрлөрү 1га үчүн сом ГСМ колесной тр үчүн ГСМ ДТ-75 үчүн
1 Жер айдоо аныз жер 800    
2 Жер айдоо гусеничный трактор 800   30 л
3 Беде бузуу 1000 20-30 чейин  
4 Аныз бузуу 800 20 л  
5 Тырмоо 300 10  
6 Себүү 400 10  
7 Шакаб тартуу 50 2  
8 Кара сугат 1000    
9 Беде сугат 700    
10 Дан сугат 800    
11 Жер сугат 800    
12 Чөп чабуу жатка 1000    
13 Косилка 700    
14 Чөп тырмоо 300 5  
15 Чөп тартуу Кытай-Арык 400 10-25 чейин  
16 Тартуу айылдын тереги 300 5-15 чейин  
17 Эгин чабуу 1700 20  
18 Эгин тартуу Кытай-Арык 350 10-20 чейин  
19 Айылдын тегереги 300 5-15 чейин  
20 Чөп тангактоо 7 сом 1 шт 10л май  
  1. Мал багуу акылары жана айып пулдары кой-эчки жана бодо мал тууралуу.

Кой-эчки үчүн 35 сом

Бодо мал-250 жана бука – 300 сом менен чечиди

Ал эми жазгы күзгү корук иштери 1-майдан 1-октябрга чейин бекитилди.

 

Мөөнөтүнөн мурда көчүп келген чабандарга жана мөөнөтүндө көчүп кетпеген чабандардын малдарына ар бир күн үчүн бодо малга – 750 сом кой-эчкиге -35 сомдон айып пул төлөнсүн. Чар жайлоосунда калган чабанга  300 баш кой-эчки жана 2 баш саан уй 2 баш мингич атка уруксаат берилет. Мындан сырткаркы малдар толугу менен ортонку жана сырткы жайлоолорго көчүп кетүүлөрү керек.

 

Айыл жеринде саан уйларга бадага чыгууга уруксаат берилет, субай уйларга уруксаат берилбейт. Айылдык кенеште бекиген тариф боюнча 1-майдан тарта корук иштери башталганына байлпныштуу камакка түшкөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдары салынат.

  1. Бодо мал үчүн – 100 сом
  2. Кой – эчки-үчүн 20 сом

Эгин бышкан маалда айып пул эки эселенип төлөнсүн

 

  1. Мураптар үчүн
  2. Ар бир жер аянтынын суу каналдарын толугу менен чаап, тазалаган адам үчүн суусу берилип, 1га үчүн эмгек акысына 100 сомдон алынсын. Биринчи орунда үлүш жерге берилүүсү камсыз кылынсын, алышын чаап тазалабагандарга, арыктарын тазалагандан кийин берилсин.
  3. Сууну сурабай өз билемдик кылып алгандарга күбөлөрдүн катышуусу менен 1500 сом айып пул салынсын.
  4. Айдоо аянттарын сугарууда суу каналдарын ондобостон, жолдорду каптатып, жолдорду бузгандыгы үчүн акт түзулуп 1500 сом айып пул салынсын.
  5. Айып пулду төлөбөгөн атуулдарга тиешелүү органдар аркылуу чаралар көрүлсүн. Айып пул төлөнгүчө суу берилбесин.
  6. Таш булактан айыл ичинде берилүүчү суу 1,2,3,4-күндөрү 8-Март айылына 5,6,7-күндөрү өзгөрүш айылына берилсин.
  7. Курман-Булак суусунун 70% Өзгөрүш айылына ал эми 30 % 8-Март айылына берилсин. 8-Мартка берилген 30% сууну 1,2,3,4 – күндөрү Төрт –Күл, Арал участкасына, 5,6,7- күндөрү айыл ичиндеги огородторго берилсин.
  8. Бул токтомдун аткарылышы айыл башчыларга, жайыт комитетине, кароолчуларга жана мураптарга милдеттендирилсин.
  9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы К.Рыскелдиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                          З.Алдакеев

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, айыл өкмөт башчысына, жайыт комитетине

Comments are closed.