Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин II-сессиясынын ТОКТОМУ № 2/1 21-январь 2020-жыл

Депутаттардын  XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин

II-сессиясынын

ТОКТОМУ

           21-январь 2020-жыл  № 2/1                                                            8-Март айылы

 

Шоро айылына бала бакча ачуу жөнүндө

             Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн Шоро айылында бул убакка чейин бала-бакча жок болгондуктан бала бакча ачууга жеке турак жай табылып жана бала-бакча курулганга чейин убактылуу ушул имаратты пайдалануу менен бул бала-бакчанын айыл айыл өкмөтүндө тиешелүү каржылык маселелерин чечип берүү жобосун бекитүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун талкуулап Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:

  

Шоро айылына “Шоро келечеги” аттуу 25 орундуу бала-бакча ачылсын.

Бул бала-бакчанын имаратын 3 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга алуу боюнча менчик ээси жана айыл өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.

Жаны ачылып жаткан бала-бакчанын жобосу бекитилсин жана мамлекеттик юридикалык каттоодон өткөрүлүп, мөөрү алынсын.

Жаны ачылып жаткан бала бакчага кызматкерлердин айлык акысын мамлекеттик каржылоого алып берүү Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

Бала-бакчанын банктан эсеп счету ачылып, ата-энелерден балдардын тамак ашына төлөгөн акча каражаттары банктык эсепке салынып, мыйзам чегинде чыгымдалсын.

Бала-бакчанын имаратынын техникалык параметирлерине ылайык, электр энергияга жана жылытууга көмүр менен камсыздоого энерго паспорту даярдалып, бүткөрүлүп жэргиликтүү бюджеттен каржылоого сунушталсын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмотүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                          З.Алдакеев

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  айыл өкмөтүнө, ФЭБнүн башчысына, айыл башчыга

Обсуждение закрыто.