Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин
IV-сессиясынын
ТОКТОМУ
2020-жыл 6-апрель № 4/ 1 8-Март айылы
Ак-Кудук айыл аймагындагы дыйкандар өздөштүрүп пайдаланып келген жер аянтын ижарага берүү жана ушул берилген жерлердин ижара акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:
- Ак-Кудук айыл аймагындагы дыйкандар өздөштүруп пайдаланып келген 197,8 га жер аянты 7 жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
- Бул ижарага берилген жерлерден ар гектарынан 300 сомдон ижара акы алынсын, жердин аянтын тактап, ижара келишимдерин түзүү жагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Арендаторлор аренда акысы бир жыл төлөнбөсө арендага алган жери кайтарылып алынсын.
- КБФнун жерлерин ченектин жыйынтыгы боюнча 0,50 га дан ашкан жерлер аукционго коюлсун.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жалпы депутаттарына калтырылсын.
Төрага: З.Алдакеев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, айыл өкмөт башчысына