Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин кезектеги I-сессиясынын № 1/5 ТОКТОМУ

Депутаттардын  XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин

кезектеги I-сессиясынын

№ 1/5 ТОКТОМУ

      8-Март айылы                                                               2021-жыл 2-Март

Ак-Кудук айыл аймагынын 8-Март айылынын жеке агроном Талант уулу Бектин иштөө тартибин кароо жөнүндө

 

Ак-Кудук айыл аймагынын 8-Март айылынын тургуну Талант уулу Бек жашылча, дан эгиндердин, бак дарактардын, алма, өрүктөрдүн илдетине каршы иш алып барууда эл аралык уюмдардын колдоосу менен окуп, тажрыйбалуу болгондугуна байланыштуу коомчулукка пайда алып келүүнүн негизинде Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

  1. Ак-Кудук айыл аймагынын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерине жана зыянкечтерине каршы агроном катары иш жүргүзүүгө Талант уулу Бекке макулдук берилсин.
  2. Ак-Кудук айыл аймагынын тургундарынын жана фермерлердин илдеттерге, зыянкечтерге каршы дарылоодо колдонмолор (заявка) боюнча 1гектар дан эгин, картошка аянттарына 1000 (мин) сом, 1 түп алма, өрүктөргө 100 (жүз) сом болуп иштетүү тарифи бекитилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы К. Рыскелдиевге тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                          З.Алдакеев

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  Талант уулу Бекке

Обсуждение закрыто.