Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин кезектеги
I-сессиясынын
№1/8 ТОКТОМУ
8 – Март айылы 2021-жыл 2-Март
Жазгы айдап себүү жана талаа иштери боюнча
тарифтерди жана бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникасынын тарифтеринин бекитүү жана малдарды тактоо үчүн комиссиянын курамын түзүү максатында токтом кылат
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине караштуу жүк жүктөөчү (эксковатор) тракторунун тарифтери бекитилсин.
- Кык жана күл жүктөөгө 1 кузов үчүн- 3л май – 250 сом (телешка)
- Шагыл, кум жана топурак жүктөө 1 кузов үчүн – 4 л май- 300 сом (чон машина)
- Суу түтүктөрүн жаткыруучу каналдарды казууга 1метрге -1л май 130-сом казууга, 20 с көмүүгө.
- Саатына иштеген учурда ар бир саат үчүн – 650 сомдон, майы өздөрүнөн
- Септик чункурларын казууга- 600 сом 10 л май
- Башка казуу иштерине 1 куб – 150 сом майын өздөрү куят.
- Техникалардан тушкөн жылдык кирешенин 35% айдоочунун эмгек акысы үчүн 65% жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине түшсүн, техникасынын запчастарын жайыттын эсебинен алышсын.
№ | Жерди иштетүүнүн түрлөрү | 1га үчүн сом | ГСМ колесной тр үчүн | ГСМ ДТ-75 үчүн |
1 | Жер айдоо аныз жер | 800 | ||
2 | Жер айдоо гусеничный трактор | 800 | 30 л | |
3 | Беде бузуу | 1000 | 20-30 чейин | |
4 | Аныз бузуу | 800 | 20 л | |
5 | Тырмоо | 300 | 10 | |
6 | Себүү | 400 | 10 | |
7 | Шакаб тартуу | 50 | 2 | |
8 | Кара сугат | 1000 | ||
9 | Беде сугат | 700 | ||
10 | Дан сугат | 800 | ||
11 | Жер сугат | 800 | ||
12 | Чөп чабуу жатка | 1000 | 10 | |
13 | Косилка | 700 | 10 | |
14 | Чөп тырмоо | 300 | 5 | |
15 | Чөп тартуу Кытай-Арык | 400 | 10-25 чейин | |
16 | Тартуу айылдын тереги | 300 | 5-15 чейин | |
17 | Эгин чабуу | 1700 | 20 | |
18 | Эгин тартуу Кытай-Арык | 350 | 10-20 чейин | |
19 | Айылдын тегереги | 300 | 5-15 чейин | |
20 | Чөп тангактоо | 7 сом 1 шт | 10л май |
- Мал багуу акылары жана айып пулдары кой-эчки жана бодо мал тууралуу.
Кой-эчки үчүн 35 сом
Бодо мал-250 жана бука – 300 сом менен чечиди
Ал эми жазгы күзгү корук иштери 25-апрелден 1-октябрга чейин бекитилди.
Мөөнөтүнөн мурда көчүп келген чабандарга жана мөөнөтүндө көчүп кетпеген чабандардын малдарына ар бир күн үчүн бодо малга – 750 сом кой-эчкиге -35 сомдон айып пул төлөнсүн. Чар жайлоосунда калган чабанга 300 баш кой-эчки жана 2 баш саан уй 2 баш мингич атка уруксаат берилет. Мындан сырткаркы малдар толугу менен ортонку жана сырткы жайлоолорго көчүп кетүүлөрү керек.
Айыл жеринде саан уйларга бадага чыгууга уруксаат берилет, субай уйларга уруксаат берилбейт. Айылдык кенеште бекиген тариф боюнча 25-апрелден тарта корук иштери башталганына байлпныштуу камакка түшкөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдары салынат.
- -Бодо мал үчүн – 100 сом
- Кой – эчки-үчүн 20 сом
Эгин бышкан маалда айып пул эки эселенип төлөнсүн
- Ал эми камакка түшкөн мал үчүн корукчу мал ээсине билдирүү берет, белгиленген мөөнөттө мал ээси айыбын төлөп чыгарып кетпесе корукчу зыян тарткан мал үчүн жооп бербейт.
- Мураптар үчүн
- Ар бир жер аянтынын суу каналдарын толугу менен чаап, тазалаган адам үчүн суусу берилип, 1га үчүн эмгек акысына 100 сомдон алынсын. Биринчи орунда үлүш жерге берилүүсү камсыз кылынсын, алышын чаап тазалабагандарга, арыктарын тазалагандан кийин берилсин.Сууну сурабай өз билемдик кылып алгандарга күбөлөрдүн катышуусу менен 1500 сом айып пул салынсын. Төлөбөгөн адамдарга экинчи суу берилбесин.
- Таш булактан айыл ичинде берилүүчү суу 1,2,3,4-күндөрү 8-Март айылына 5,6,7-күндөрү өзгөрүш айылына берилсин.
- Кайнар суусунун 70% Өзгөрүш айылына ал эми 30 % 8-Март айылына берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы айыл башчыларга, жайыт комитетине кароолчуларга жана мураптарга жүктөлсүн.
- Аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Рыскелдиевге жүктөлсүн.
Төрага: З.Алдакеев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, жайыт комитетине, айыл башчыларга, айыл өкмөт башчысына