Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин кезектеги I-сессиясынын № 1/10 ТОКТОМУ

Депутаттардын  XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин кезектеги

I-сессиясынын

№ 1/10 ТОКТОМУ

         8 – Март  айылы                                                                       2021-жыл 2-Март

8-Март айылына бала бакча ачуу жөнүндө

 

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 8-Март айылындагы бала-бакчага бала толуп калгандыктан элдердин суранычы боюнча кошумча бала бакча ачуу пландалып,  жеке турак жай жок болгондуктан ача албай келгендиктен азыркы убакта жеке турак жай табылып жана бала-бакча курулганга чейин убактылуу ушул имаратты пайдалануу менен бул бала-бакчанын айыл айыл өкмөтүндө тиешелүү каржылык маселелерин чечип берүү жобосун бекитүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун талкуулап Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:

 

1.8-Март айылына “Аруузат” аттуу 25 орундуу бала-бакча ачылсын.

Бул бала-бакчанын имаратын 3 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга алуу боюнча менчик ээси жана айыл өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.

2.Жаны ачылып жаткан бала-бакчанын жобосу бекитилсин жана мамлекеттик юридикалык каттоодон өткөрүлүп, мөөрү алынсын.

3.Жаны ачылып жаткан бала бакчага кызматкерлердин айлык акысын мамлекеттик каржылоого алып берүү Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4.Бала-бакчанын банктан эсеп счету ачылып, ата-энелерден балдардын тамак ашына төлөгөн акча каражаттары банктык эсепке салынып, мыйзам чегинде чыгымдалсын.

5.Бала-бакчанын имаратынын техникалык параметирлерине ылайык, электр энергияга жана жылытууга көмүр менен камсыздоого энерго паспорту даярдалып, бүткөрүлүп жергиликтүү бюджеттен каржылоого сунушталсын.

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмотүнүн башчысына милдеттендирилсин.

  

Төрага:                                                                          З.Алдакеев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  айыл өкмөтүнө, ФЭБнүн башчысына, айыл башчыга

Обсуждение закрыто.