Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин II-сессиясынын ТОКТОМУ 25- январь 2019-жыл № 2/2

Депутаттардын  XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин

II-сессиясынын

ТОКТОМУ

           25- январь 2019-жыл  № 2/2                                                            8-Март айылы

 

Ак-Кудук айыл аймагындагы дыйкандар өздөштүрүп пайдаланып келген жер ачнтын ижарага берүү жана ушул берилген жерлердин ижара акысынын тарифин бекитүү жөнүндө

 

Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:

 

  1. Ак-Кудук айыл аймагындагы дыйкандар өздөштүруп пайдаланып келген 197,8 га жер аянты 7 жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
  2. Бул ижарага берилген жерлерден ар гектарынан 300 сомдон ижара акы алынсын, жердин аянтын тактап, ижара келишимдерин түзүү жагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  3. Арендаторлор аренда акысы бир жыл төлөнбөсө арендага алган жери кайтарылып алынсын.
  4. КБФнун жерлерин ченектин жыйынтыгы боюнча 0,50 га дан ашкан жерлер аукционго коюлсун.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жалпы депутаттарына калтырылсын.

  

Төрага:                                                                          З.Алдакеев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, айыл өкмөт башчысына

Comments are closed.