Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин II-сессиясынын ТОКТОМУ 25- январь 2019-жыл № 2/3

Депутаттардын  XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин

II-сессиясынын

ТОКТОМУ

           25- январь 2019-жыл  № 2/3                                                            8-Март айылы

 

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

  1. Жайыт жер акысы бир баш бодо малга 65 сом, майда жандык кой эчкиге 15 сомдон болуп бекитилсин.
  2. 1-майда корук иштери башталып, жазкы жайыттарга жайыт пайдалануучулар (чабандар) 5-майга чейин толугу менен көчүп кетүүсүн жана көрсөтүлгөн мөөнөттө көчүп кетпеген чабандарга жана малын толук каттоого киргизбеген жарандарга төмөнкү айып пул төмөндөгү каралган баада төлөнсүн. ( бир баш бодо малга 750 сом, бир башкой –эчкиге 35 сом) суткасына пул төлөнсүн.
  3. Жайыт комитетинин уруксааты жок жаздоо жана жайлоого кеткен чабандарга ар бир баш мал үчүн токтомдо көрсөтүлгөн айып пул төлөнсүн.
  4. 2019-жылдын 10-майынан 1-июнга чейин жазгы тоодон малдарды толуктоо санагы өткөрүлсүн, ошонун жыйынтыгы менен алыскы жайлоолорго жайыт билети берилсин.
  5. Мал саноо үчүн жаны курамдагы комиссиянын курамы түзүлсүн.
  6. Эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу ветеринардын справкасы жок малдар жайытка чыгууга тыюу салынат.
  7. Жайыт пайдалануучу жылдын 1-апрель айына чейин 50%, 1-июнга чейин 20% 1-октябрга чейин 100% малынын салыгын эсептешип, ички жайытка макулдук алсын.
  8. Жайыт комитети менен эсептешпей кошкон малдын салыгын чабан төлөп берүүгө милдеттендирилсин.
  9. Чабандарга жана малдын ээлерине алдын ала эскертүү, маалымат берүү жагы ЖПБинин төрагасы Сарайбек уулу Элмураска милдеттендирилсин.
  10. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Рыскелдиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                          З.Алдакеев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, айыл өкмөт башчысына, жайыт комитетине

Comments are closed.