Депутаттардын XXVIII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин кезектеги II-сессиясынын № 3 ТОКТОМУ

Депутаттардын  XXVIII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин кезектеги

II-сессиясынын

№ 3 ТОКТОМУ

           8 – Март  айылы                                                                          2021-жыл 10-июнь

Чабандарды Ак-Сай жайлоосуна көчүрүү жана Ак-Кудук айылдык кенешинин  2021-жылдын 2-мартындагы № 1/8 токтомунун 3-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:

 

  1. Ак-Кудук айылдык кенешинин 2021-жылдын 2-мартындагы № 1/8 токтомунун 3-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
  • Мал багуу акылары жана айып пулдары кой-эчки жана бодо мал тууралуу.

Кой-эчки үчүн 40 сом

Бодо мал-300 жана бука – 350 сом менен чечиди.

  1. Ак-Сайдагы УДП жерин толук өзүбүз пайдалануу үчүн, ички жайыттарды эс алдырууга калтырып, майда малдар толук Ак-Сайга көчүрүлсүн.
  2. Айыл ичиндеги чабыр малдарды багуу үчүн айыл башчысы тарабынан иш чара уюштурулуп, ирээтке келтирилсин.
  3. Ар бир түтүндөн 4,5 чабыр мал алып калууга уруксаат берилсин.
  4. Ак-Сай жайлоосуна көчпөгөн чабандарга бузуулар боюнча  кодекстин негизинде айып пул салынсын.
  5. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                          Б.Кадиева

Обсуждение закрыто.