Депутаттардын XXVIII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин кезектеги
V-сессиясынын
№ 5/1 ТОКТОМУ
8 – Март айылы 2022-жыл 15 – сентябрь
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгынын негизинде Элдик Курултайга Ак-Кудук айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруп, өткөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгынын аткаруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V- кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
- Ак-Кудук айыл аймагынын калкынын саны 4030 болгондуктан жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 40 деп бекитилсин.
- Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жергиликтүү курултайга делегаттар Ак-Кудук айыл аймагындагы Ак-Кудук,
8-Март, Шоро айылдарынан калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын. (№2 тиркемеге ).
- Ак-Кудук айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2022-жылдын 15-октябрынан
20-октябрына чейин белгиленсин (№3 тиркемеге).
- Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2022-жылдын 5-ноябры деп белгиленсин ( № 4 тиркемеге ылайык);
- Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл, чөлкөм башчыларына жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
- Токтом Ак-Кудук айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрайым: Б.Кадиева
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, кенештин депутаттарына
Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII чакырылышынын
5 кезексиз сессиясынын 2022-жылдын
15-сентябрындагы № 5/1 токтомунун
№1 тиркемеси
Ак айыл аймагынын жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 11 адам болсун жана төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн.
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу тобунун ролу | Айыл аймака жооптуу |
1 | Кадиева Бермет Асанбековна
|
Айылдык кеңештин төрайымы | Төрайым | Баардык |
2 | Шамова Асылкүл Азимовна | Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы | Катчы | Баардык |
3 | Жумабай кызы Нуржан | Депутат | Мүчөсү | 8-Март |
4 | Асанбаев Атай | Айыл башчы | Мүчөсү | Шоро |
5 | Сулайманов Замирбек Кыдырмаевич | Депутат | Мүчөсү | 8-Март |
6 | Байыш уулу Кутман | Депутат | Мүчөсү | Ак-Кудук |
7 | Жунушалиев Кенжебек Абышович | Аксакалдар сотунун төрагасы | Мүчөсү | 8-Март |
8 | Муканбетов Эрнист Каниметович | Айыл башчы | Мүчөсү | Ак-Кудук |
9 | Рыскулбеков Жолдошбек Рахатович | чөлкөмдүн башчысы | Мүчөсү | чөлкөм |
10 | А.Бошкоева | Депутат | Мүчөсү | Ак-Кудук |
11 | М.Жутаева | Депутат | Мүчөсү | Шоро |
Катчы А.Шамова
Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII чакырылышынын
5 кезексиз сессиясынын 2022-жылдын
15-сентябрындагы № 5/1 токтомунун
№2 тиркемеси
Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны жана квотасы.
№ | Айылдардын
(чөлкөмдүн) аталышы |
Калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны | Гендердик баланс 30% (аял) | |
1 | Ак-Кудук | 700 | 100,75 | 10 | 7-эркек, 3-аял | |
2 | Шоро | 618 | 100,75 | 7 | 4-эркек, 3-аял | |
3 | 8-Март | 2622 | 100,75 | 21 | 14-эркек, 7-аял | |
4 | Кара-Булак чөлкөмү | 54 | 100,75 | 1 | 1-эркек, 0-аял | |
5 | Ак-Бешим чөлкөмү | 36 | 100,75 | 1 | 1-эркек, 0-аял | |
Жалпысы: | 4030 | 40 делегат | 27-эркек
13-аял |
Катчы А.Шамова
Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII чакырылышынын
5 кезексиз сессиясынын 2022-жылдын
15-сентябрындагы № 5/1 токтомунун
№3 тиркемеси
2022-жылдын 15-октябрынан 22-октябрына чейин Ак-кудук айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Ак-Кудук | Ак-Кудук айылында | 15.10.2022ж
саат 11-00 |
Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
2 | Шоро | Шоро айылында | 17.10.2022ж
саат 11-00 |
Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
3 | 8-Март | 8-Март айылында | 18.10.2022ж
саат 11-00 |
Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
4 | Кара-Булак чөлкөмү | Кара-Булак участогунда | 19.10.2022ж
саат 13-00 |
Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
5 | Ак-Бешим чөлкөмү | Ак-Бешим участогунда | 20.10.2022ж
саат 13-00 |
Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Катчы А.Шамова
Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII чакырылышынын
5 кезексиз сессиясынын 2022-жылдын
15-сентябрындагы № 5/1 токтомунун
№4 тиркемеси
Ак-Кудук айыл аймагынан Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуучулар |
1 | 8-Март айылы | Айыл өкмөтүнүн жыйындар залында. | 05.11.2022ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Катчы А.Шамова