Депутаттардын XXYII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин I-сессиясынын ТОКТОМУ

toktom-shapka

Депутаттардын  XXYII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин

I-сессиясынын

ТОКТОМУ

      13-январь 2017-жыл  №1/1                                                            8-Март айылы

2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кенештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 16-декабрындагы протоколунун негизинде эл өкүлдөрү болуп шайланган депутаттардын биринчи уюштуруу сессиясы  жөнүндө

2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кенештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 16-декабрындагы протоколунун негизинде эл өкүлдөрү болуп шайланган депутаттардын биринчи уюштуруу сессиясы  токтом кылат:

  1. XXYII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык Кенешинин жаны шайланып, келген депутаттарынын көпчүлүк добушу менен шайланган депутат Алдакеев Зарылбек Касымалиевич Ак-Кудук айылдык Кенешинин төрагасы болуп дайындалсын.
  2. Ак-Кудук айылдык Кенешинин депутаттарынын көпчүлүк добушун алган депутат Кадиева Бермет Асанбековна айылдык Кенештин төрагасынын орун басары болуп дайындалсын.
  3. Жаны дайындалган Ак-Кудук айылдык Кенешинин төрагасына жана анын орун басарына жергиликтүү Кенештин ишин алып баруу жагы милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:                                                                                                            З.Алдакеев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Айылдык кенештин төрагасына жана орун басарына,

Добавить комментарий