Кыргыз Республикасынын салык кодексини 337-беренесинин 6- пунктуна ылайык Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө.

toktom-shapka

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезектеги I сессиясынын

                                                                   ТОКТОМУ

2 — февраль 2016-жыл   № 1/4                                                   8-Март айылы

Кыргыз Республикасынын салык кодексини 337-беренесинин 6- пунктуна ылайык Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө.

Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6- пункутуна ылайык 01.01.2016-жылдан баштап айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын ставкасы мурунку ставкасы боюнча, өзгөртүүсүз  калсын.

КЗ аймактык коэффценти 1,0 эсебинде бекитилсин.

Ушул токтом айыл өкмөтүнүн апаратынын каттоодон өткөрүлсүн akkydyk narun region.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.Токтомдун    аткарылышын көзөмөлдөө  Ак-Кудук алыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

  Төрага:                                                                                                                    З.Алдакеев

Добавить комментарий