Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык КеңешининXXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМУ
29 — февраль 2016-жыл № 2/3 8-Март айылы
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министирлигинин » Зордук зомбулукту алдын алуу» боюнча социалдык тапшырыгынын алкагьшда « Элет айым» Коомдук Бирикмесинин « Ар бир айылда тынчтык жана бейпилдик долбоорун ишке ашыруу жонундо.
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министирлигинин « Зордук зомбулукту алдын алуу боюнча социалдык тапшырыгынын алкагында « Элет айым» Коомдук Бирикмесинин « Ар бир айылда тынчтык жана бейпилдик долбоорун ишке ашыруу боюнча Ак-Кудук айылдык кенеишнин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Кудук айылындагы ата-энесиз, жакындарынын-колунда багылып жаткан балдардын абалы дайыма көзөмөлгө алынсын.
- Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусунун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жургузулсун.
- Жаш жубайлардын нике куболугун алуу жана беруу козомолго алынсын.
- Айылдык молдолор ала-качып келген кыздын макулдугусуз нике кыюуга тыюу салынсын.
- Чыр чатактардын чыгуусуна себепкер болгон ичкиликти кыскартуу боюнча тойлорду ичкиликсиз откоруу колго алынсын.
- Ак-Кудук айыл аймагындагы айылдардын дукондору тарабынан кечки саат 20:00 дон кийин 18 жашка толо элек балдарга спирт ичимдиктери сатылбасын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы аялдар кенеши, аксакалдар кенеши, жаштар уюму,өкмөттук эмес уюмдарга, ден-соолук комитетине жолдонсун.
- Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин депутаты С.Жумабековго тапшырьшсын.
Төрага: З.Алдакеев