Спец техника сатып алууга өздүк салымын каржылоо жөнүндө

toktom-shapkaДепутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын  айылдык КеңешининXXVI чакырылышынын  кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

31 — май 2016-жыл   № 3/7                                                   8-Март айылы

Спец техника сатып алууга өздүк салымын каржылоо жөнүндө

 Ак-Кудук айыл окмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС аркылуу сатылып алынуучу спец техниканын (экскаватор-нотрусчик) өздүк салымын каржылап берүү боюнча сунушун талкуулап, Ак-Кудук айылдык Кенеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИС) Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоору аркылуу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине сатылып алына турган спецтехниканын өздүк салымына Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жыл башына калган калдыгынан 500 000 (беш жүз мин) сом. Ал эми жайыт комитетинин бюджетиндеги каражаттан 100 000 (бир жүз мин) сом баардыгы 600 000 (алты жүз мин) сом каржыланып берилсин.
  2. Техника сатып алынуучу жалпы суммасынын 240000 сомдун 75% дык каражатын 1,800000 ( бир милион сегиз жүз мин) сомду каржылап берүү жагы Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунан (АРИС тен) суралсын.
  3. Өздүк салым катары каржылануучу каражатты мыйзам чегинде каржылап берүү жагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнө жана жайыт пайдалануучулар бирикмесине милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

Төрага:                                                                          З.Алдакеев

Добавить комментарий