Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ
2 — февраль 2016-жыл № 1/2 8-Март айылы
Үлүш жер боюнча салыктын ставкасын көтөрүү маселесин кароо жөнүндө
Ак-Кулук айыл өкмөтүнүн башчысынын үлүш жердин ставкасын көтөрүү тууралуу сунушун талкуулап, сессияга катышкан депутаттардын салыктын ставкасын көтөрүү тууралуу сунушка добуш беруунун жыйынтыгы менен 10 каршы жана бир депутат макул болгонунун негизинде Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:
- үлүш жерге болгон салыктын ставкасын 1 эседен 3 эсеге чейин көтөруу тууралуу сунушу канааттандырылбай, салыктын ставкасы мурунку денгээлде калтырылсын.
- Жергиликтүү бюджетке түшүүчү үлүш жер салыгы мурунку ставка менен эсептелип, жыйналсын.
- Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага: З.Алдакеев