Шоро айылына уюлдук байланыштын базалык станциясын коюу жөнүндө

toktom-shapka

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын  кезектеги III сессиясынын

                                                   ТОКТОМУ

31 — май 2016-жыл   № 3/5                                                   8-Март айылы

Шоро айылына уюлдук байланыштын базалык станциясын коюу жөнүндө

Шоро айылына ”Нур Телеком” ЖЧК сынын уюлдук байланышынын базалык станциясын койдуруу максатында тандалып алынган участкадан жер участкасын берүү боюнча жайыт комитетинин кайрылуусун талкуулап, Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:

  1. Шоро айылынын күн чыгыш тарабындагы тоонун башына “Нур Телеком” ЖЧК сынын уюлдук байланыштын базалык станциясын коюуга керектүү болгон 36 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
  2. Бул жер аянтына «Hyp Телеком” ЖЧК сы менен Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмеси ортосунда келишим түзүлүп, ай сайын 5000 сомдон жайыт комитетинин эсеп счетуна которулсун.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Сарайбек уулу Элмураска милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:                                                                          З.Алдакеев

Добавить комментарий