XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын 1/2 токтому

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезектеги I  сессиясынын

 ТОКТОМ

 17-январь 2014- жыл № 1/2                                                      8-Март айылы

 Нарын районунун Ак-Кудук Айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга карата Социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн топтун 2014-2017-жылдарга карата аймактын Социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү программасынын долбоорун талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши

 ТОКТОМ кылат:

  1. Нарын районунун  Ак-Кудук айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык стратегиалык өнүгүү программасы (жол картасы) кабыл алынсын.
  2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнө:

— өнүктүрүү программасын ( жол картасы) ишке ашыруу боюнча иш алып баруу.

-ар бир жылдын жыйынтыгы менен программанын  ишке ашуусу боюнча жалпы элге маалымат (отчет) берүү:

-келип чыккан жайгдайларга жараша программага  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен жылыга жаңыртылган варианты иштеп  чыгуу анын ишке ашыруу милдеттендирилсин

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                          З.Алдакеев

__________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.

Обсуждение закрыто.