XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын 2-3 токтому

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезектеги II  сессиясынын

 ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 19-март 2014-жыл                              №2/3

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылга Карата бюджетин бекитүү жөнүндө.

 Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин долбоорун талкуулап, депутаттардын  Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ кылат:

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 5238 100 (беш миллион эки жүз отуз сегиз миң бир жүз) сом, чыгаша бөлүгү 5 238 100 (беш миллион эки жүз отуз сегиз миң бир жүз) сом болуп бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

  1. Анын ичинен балдардын тамак ашына 150 000 (бир жүз элүү миң) сом атайын милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Касымовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                           З.Алдакеев.

________________________________________________________________

Обсуждение закрыто.