XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын 2-1 токтому

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезектеги II  сессиясынын

 ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 19-март 2014-жыл                              №2/1

Айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин Аткарылышы жөнүндө.

Айыл өкмөтүнүн финансы  экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Абдырасулованын 2013-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын тууралуу

Ак-Кудук айылдык кеңешинде талкууга алынсын.

Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Абдырасулованын 2013-жылга карата киреше жана  чыгаша бөлүгүнүн  аткарылышы тууралуу отчету канаатандырарлык деп табылсын.

2. 2013-жылда бюджеттен каралган 3 айылдын көчөлөрүнө коюлуучу лампалар 2014-жылы коюлсун. Ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

3. бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Төрага:                                                                                           З.Алдакеев.

________________________________________________________________

Обсуждение закрыто.