XXVI чакырылышынын 3 сессиясынын 3-1 токтому

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI

чакырылышынын 3 сессиясынын

 ТОКТОМ

4-апрель 2014жыл № 3/1                                                      8-Март айылы

Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата жазгы айдап себүү, күзгү оруп жыйуу, сугат, мал багуу, корук иштерине карата кызмат кылуунун  акысынын бааларын бекитүү жөнүндө

XXVI-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин 3-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөтүнүн башчысынын 2 014-жылга карата жазгы айдап себүү, күзгү оруп жыйуу, сугат, мал багуу, корук иштерине карата кызмат кылуунун  акысынын бааларын бекитүү сунушу кабыл алынсын.

  1. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата жазгы айдап себүү, күзгү оруп жыйуу, сугат, мал багуу, корук иштерине карата кызмат кылуунун  акысынын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
  • Айдоо 800 сом
  • Тырмоо 300 сом
  • Себүү 300 сом
  • Шакап тартуу 50 сом
  • Чөп чабуу жатка 1000 сом
  • Косилка 600 сом
  • Тырма 300 сом
  • Тартуу 300 сом
  • Эгин чабуу 1500 сом
  • Чөп таңгактоо 7 сом
  • Кара сугат 700 сом
  • Жер сугат, беде ж.б 600 сом

      3.  Мал багуу акысы: Бодо малга 150-200 сом, кой эчки 25-30 сом болуп бекитилсин

      4.  Корук иштери:

  • 2014-жылдан баштап уюштурулсун жана корук жерлерге кирген бодо малга 100 сом, кой эчкиге 20 сомдон мал ээсине айып салынсын.
  •  Малдарды кароого алуунун жана корук иштеринин мөөнөтү: Жазгы айдап себүү өнөктүгү башталганына байланыштуу корук иши 2014-жылдын 20-апрелинен баштап, күзгү корук ишинин бүтүшү 1-октябрь 2014-жылга чейин белгиленсин.
  •  Белгиленген мөөнөттө көчүп кетпеген же эрте көчүп келген малчыларга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып салынсын.
  • Эгерде корукка түшкөн малын убагында алып кетпесе, билдирүү берип, өлүп калганына жооп берилбесин.

5. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы С.Касымовго милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө алам.

Айылдык Кеңештин төрагасы:                                        З.Алдакеев

Обсуждение закрыто.