XXYII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин III-сессиясынын ТОКТОМУ 3 — апрель 2018-жыл № 3/1

toktom-shapka

XXYII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин III-сессиясынын

ТОКТОМУ

      3 — апрель 2018-жыл  № 3/1                                                            8-Март айылы

Тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

Айыл аймагындагы айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга,мал багуу акыларын жана башка чарбалык иштердин кызмат акыларын бекитүү максатында Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:

 

1.Айыл калкынын жазгы айдан себүү иштерин жүргүзүүгө карата айылдагы техника ээлеринин жана мал багуучулар менен жалпы жыйналышта түзмө-түз сүйлөшүүнүн негизинде макулдашылган баа боюнча айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга кызмат акылары төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин:

 

  Жерди иштетүүнүн түрлөрү 1га үчүн сом менен ГСМ ДТ-75
  Жер айдоо аныз жер 800    
  Жер айдоо гусеничный трактор 800    
  Беде бузуу 1000 20-30 чейин  
  Аныз бузуу 800 20  
  Тырмоо 300 10  
  себүү 400 10  
  Шакап тартуу 50 2  
  Кара сугат 1000    
  Беде сугат 700    
  Дан сугат 800    
  Жер сугат 800    
  Чөп чабуу(ЖАТКА) 1000 10-15  
  Чөп чабуу(КОСИЛКА) 700 10  
  Чөп тырмоо 300 5  
  Тартуу(Кытай-Арык) 400 5-25  
  Тартуу айылдын тегереги 300 5-15  
  Эгин чабуу 1700 20  
  Эгин тартуу(Кытай-Арык) 350 10-20  
  Айылдын тегереги 300 5-15 чейин  
  Чөп тангактоо 1шт 7 1 шт 10 лт май  

 

 

 

 

 

2.Мал багуу акылары кой-эчки жана бодо мал туралуу.

Кой,эчки бир башка бир айга-35 сом

Бодо мал бир башка бир айга-250 бука 300 сом

3.Жазгы корук иштери 2018-жылдын 25-апрелден тарта башталып чабандар 5- майга чейин кочуп кетишсин. Мөөнөтүнөн мурда көчүп келген мал багуучуларга жеринде барып,акт тузулуп,административдик жаза колдонууга  укук коргоо органдарына материалдары өктөрүлүп берилсин.

4.Мал багуучулардын график боюнча көчүп конуу иштерин көзөмөлгө алуу,эрте көчүп келген малчыларга карата жаза колдонуу аракеттерин Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жана айыл башчылар,кураторлор иш алып барышсын.

5.Корук учурунда корук аянттарына кирген малга мал ээсинен төиөндөгүдөй тартипте кароочулар айып пул алышсын:

Кой,эчкиге ар бир башына 20 сомдон

Жылкы,уй,эшекке ар бир башына 100 сомдон,ал эми эгин бышып орула элек маалда корулган жерге түшкөн малга 2 эселеген тартипте айып алынсын.

Камакка түшкөн малдын ээсине кароолчу билдиргенден кийин мал ээси малын чыгарып кетпей,малы зыян тартса,кароочулар жооп бербейт.

6.Суу бөлүштүүчү мураптарга ар бир гектарына  тейлеп берген акысы үчүн 100 сомдон акы алышсын.Сууну сурабай өз билемдиги менен жыгып алган атуулдарга күбөлөрдүн катышуусу менен акт түзүлүп ,1500 сомго чейин айып салынсын.Айып төлөбөсө кайра суу берилбесин.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 Төрага:                                                                                                З.Алдакеев     

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, ЖПБнын торагасына, айыл башчыларга

Обсуждение закрыто.